Дүйнөгө берилген аалымга насаат...
Яхья ибн маъаз (рахимахулла) дүйнөгө берилген аалымды көрүп ага айткан: "
- Эй илим жана сүннөттүн жолун тутам деген адам! Тапканыңарга кан сарайдан там салсаңар;
- Үйүңөр падышанын үйүнө окшоп турса;
- Жашооңор карынбайдын жашоосундай болсо;
- Дарбазаңар Талуттукундай зор болсо;
- Кийимиңер Жалуттукундай кооз болсо;
- Шайтандын жолун жолдосоңор;
- Айылыңар маруттукундай болсо;
- Өлкөңөр Фараондукундай болсо;
- Сот жана бийликтегилер паракор болсо;
- Наадан бойдон өлсөңөр - айткылачы анда Мухаммед алейхис саламды ээрчиген мусулманчыгыңар кайда калды?
Бир акын айткан экен:
Жаратканга жалбарасың көр пенде,
Жыргайм дейсиң - бейиштен жай тандасам...
Тообо кылбай бирок жылдар өттү көп,
Төп болорбу сен өзүңдү алдасаң?
Окуп чыксаң намазды көп түн ичи,
Орозону күндөр бою кармасаң,
Жеп-ичкенге мынча соргок болбосоң,
Жетмек анда көккө башың ар качан!
Ана шондо Жараткандан сый көрүп,
Арманыңа жетмексиң го анда чын!"