Жакшыдан да жакшы төрт нерсе
Айрым даанышмандар айткан экен:
"Жакшыдан да жакшы төрт нерсе бар:
- Эркектер уят-абйир болгону жакшы, бирок аялдарда болсо андан да жакшы.
- Ар бир кишиде адилеттүүлүк болгону оң, бирок бийлерде болгону андан да жакшы.
- Картайганда тообо келтирген жакшы, бирок жаштардагы тообо андан да жакшы.
- Байлар жоомарт болгону жакшы, бирок кедей жоомарт болсо андан да жакшы".