Исламский институт имени Расул-Акрама

Дүйнөгө берилген аалымга насаат...

#

Яхья ибн маъаз (рахимахулла) дүйнөгө берилген аалымды көрүп ага айткан: "

  • Эй илим жана сүннөттүн жолун тутам деген адам! Тапканыңарга кан сарайдан там салсаңар;
  • Үйүңөр падышанын үйүнө окшоп турса;
  • Жашооңор карынбайдын жашоосундай болсо;
  • Дарбазаңар Талуттукундай зор болсо;
  • Кийимиңер Жалуттукундай кооз болсо;
  • Шайтандын жолун жолдосоңор;
  • Айылыңар маруттукундай болсо;
  • Өлкөңөр Фараондукундай болсо;
  • Сот жана бийликтегилер паракор болсо;
  • Наадан бойдон өлсөңөр - айткылачы анда Мухаммед алейхис саламды ээрчиген мусулманчыгыңар кайда калды?

Бир акын айткан экен:

Жаратканга жалбарасың көр пенде,

Жыргайм дейсиң - бейиштен жай тандасам...

Тообо кылбай бирок жылдар өттү көп,

Төп болорбу сен өзүңдү алдасаң?

Окуп чыксаң намазды көп түн ичи,

Орозону күндөр бою кармасаң,

Жеп-ичкенге мынча соргок болбосоң,

Жетмек анда көккө башың ар качан!

Ана шондо Жараткандан сый көрүп,

Арманыңа жетмексиң го анда чын!"

60